Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 24-декабры № 238
“Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице мэри К.Абдырахман уулунун жана Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Д.Ишановдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2014–жылдын 12-декабрындагы №9-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице мэри К.Абдырахман уулунун жана Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердлк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Д.Ишановдун маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына ( А.Кадырбаев) :
- Ош шаарындагы аймактык кеңештердин эффективдүү иш алып баруусу үчүн имараттар менен камсыз кылуу маселесин чечүү;
- аймактык кеңештердин иштөөсүнө керектүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына “айыл өкмөт” макамын кайтарып берүү сунушу менен тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу;
- аймактык кеңештердин төрагаларынын жана аймактык кеңештердин структуралык түзүмүнө кирген адистердин айлык акыларын жогорулатууну каржы башкармалыгы (К.Абдыкадыров) менен биргеликте карап чыгуу;
- аймактык кеңештердин аткарган иштери боюнча жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешине маалымат берип туруу тапшырылсын.
3. Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгына (А. Жолдошов) аймактык кеңештер менен биргеликте кварталдардагы жолго чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды тартипке салуу милдеттендирилсин.
4. Аймактык кеңештерге:
- аймактык кеңештин жашоочуларынын кайрылууларын өз убагында кароо, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар менен тыгыз иш алып баруу;
- аймактык кеңештин аймагындагы жашоочулардын тышкы жана ички миграцияга катыштыгын тактап, убактылуу жашоого келгендердин эсебин алуу;
- укук коргоо органдарына аймактагы бангизат, сойкулук жана уурулук боюнча маалымдап, биргеликте иш-чараларды жүргүзү;
-өздөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматты массалык-маалымат каражаттары аркылуу калкка жеткирип туруу милдеттендирилсин.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына (К.Жамалов) жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Ишанов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |