Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 24-декабры № 239
“Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу боюнча шаардык клиникалык оорукананын төрөт стационарында аткарылып жаткан иштер жөнүндө”
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы М.Станбековдун энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу боюнча шаардык клиникалык оорукананын төрөт стационарында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы М.Станбековдун энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу боюнча шаардык клиникалык оорукананын төрөт стационарында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору Р.Маметовго, шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Шамшиевге Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында орун алган медициналык жабдыктардын жана адистердин жетишсиздиги боюнча көйгөйлөрдү Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана шаардык мэрия менен биргеликте чечүү боюнча, ошондой эле төрөт стационарынын кызматкерлери тарабынан сый акы жана мыйзамсыз төлөмдөрдү талап кылуучулукка каршы чараларды көрүү, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен төрөт стационарынын ишинде орун алган кемчиликтерди жоюу милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов), шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Ош шаарынын 2015-жылга бюджетинин долбоорун түзүүдө шаардык Кенештин 2014-жылдын 27-мартындагы 155-токтом менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына ара төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн керектүү медициналык жабдыктарды сатып алууга каралган 5,0 млн. сомду Ош шаардык клиникалык ооруканасына бөлүп берүү камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) жана шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) шаардын медицина мекемелерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө шаардык Кенештин токтомдорун өз убагында жана так аткаруу милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов) 2015-жылда аткарыла турган иштердин титулдук тизмесине Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын жолдорун асфальттоо иштерин киргизүү тапшырылсын.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |