Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-декабры № 240
“Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө”
Ош шаардык Кенешинин 2014-жылга бекитилген иш-планына ылайык, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы Т.Эшбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы №35-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, башкармалыктын башчысы Т.Эшбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев);
- 2014-жылга курулуш обьекттерине каралган акча каражатын толук көлөмдө каржылоо жана 2015-жылга Ош шаарында социалдык обьекттердин капиталдык курулуштарына жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каралуучу каражаттардын көлөмүн арттыруу;
- Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулуп бүткөн жана жаңы курулуп жаткан курулуштардын иш кагаздарынын мыйзамдуулугун камсыздоо;
- Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2015-жылдын титулдук баракчасына Ош шаардык Кенешинин депутаттарынын сунуш талаптарын эске алуу менен бекитүү;
- Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52-орто мектебинин жанындагы оорукана куруу үчүн каралган жер тилкесинен балдар бакча жана тез жардам пунктту куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү карап чыгуу тапшырылсын.
3. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына (Т.Эшбаев) 2014-жылда курулуусу пландаштырылган курулуш обьекттерин жылдын жыйынтыгы менен сапаттуу бүтүрүп, пайдаланууга берүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У. Примов |