Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-декабры № 241
“Сойкулукка каршы шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө”
Ош шаардык Кенешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Ш. Зулимовдун сойкулукка каршы шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 22-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Ш. Зулимовдун сойкулукка каршы шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошев)
- тиешелүү кызматтар жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте шаарда сойкулукка каршы рейддерди ай сайын жүргүзүү;
- сойкулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык кенештер жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- шаардагы сойкулук менен алектенүүгө шарт түзгөн сауна-мейманканалардын ээлерин жана сойкулук иштерин уюштургандарды аныктап, тиешелүү чараларды көрүү менен бирге массалык маалымат каражаттары жана “Ош шамы” гезити аркылуу чагылдыруу;
- аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө Ош шаардык Кенешине отчет берүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Адашбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы | У.Примов |