Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-декабры № 244
“Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадиондун жергиликтүү бюджеттен алган ссуда түрүндөгү 1240,0 миң сом акча каражатынын төлөө мөөнөтүн 2015-жылдын 20-декабрына чейин узартууга макулдук берүү жөнүндө”
Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадиондун 2014-жылдын 17-декабрындагы № 129-ссуда түрүндөгү акча каражатынын төлөө мөнөөтүн 2015-жылдын 30-июнуна чейин узартып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун № 29-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадиондун жергиликүү бюджеттен алган ссуда түрүндөгү 1240,0 миң сом акча каражатынын төлөө мөөнөтүн 2015-жылдын 20-декабрына чейин узартууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кенешинин төрагасы | У. Примов |