Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы

2014-жылдын 24-декабры № 246

“Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин зонасын өзгөртүү жөнүндө”

Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы 426/08-6 сандуу Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгу катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы № 36-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ф.Алимжановго караштуу “Ак-Кайың” АОАнын 6400 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан көп кабаттуу үй куруу зонасына өткөрүү, А.Юсуповага караштуу Гастелло көчөсүндөгү 1000 м.кв жер тилкесин элди тейлөөдөн жеке менчик үй куруу зонасына, К.Оторбаевге караштуу Араван тракт 7км дарегиндеги 600 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан жеке менчик үй куруу зонасына, С.Мамановага караштуу Проектируемый көчөсү 215А дарегиндеги 3.26 га жер тилкесин жеке менчик үй куруудан көп кабаттуу үй куруу зонасына жана А.Батыровго караштуу Жапалак айылы Жоробеков көчөсүндөгү 600 м.кв жер тилкесин турак-жай багытынан калкты тейлөө зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев)

-жогоруда аталган даректеги жер тилкелердин максаттуу багытынын зонасын өзгөртүп, тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш кагаздарын бүтүрүп берүү;

- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы токтому менен бекитилген Ош шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорун иштеп чыгып шаардык Кеңештин кароосуна сунуш даярдоо милдеттендирилсин.

3.Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) Ош шаарынын аймагындагы жер тилкелердин максаттуу багытынын зонасын өзгөртпөй туруп курулуш иштерин жүргүзүүгө макулдук берилбесин.

4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңештин төрагасы

 

У. Примов