Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV сессияснын III чакырылышы

2014-жылдын 24-декабры № 249

“Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздары жөнүндө”

Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 11-декабрындагы № 417/08-6-«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздарын жоюу жөнүндө катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы отурумунун № 9-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Т.Капаров) ишкананын 9 059 545 сом суммасындагы дебитордук карыздарын жоюу же өндүрүү маселеси боюнча мыйзам чегинде, сот органдары аркылуу иш аракеттерди жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздарын жоюу жана өндүрүү маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан киргизүү сунушталсын.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңештин төрагасы

 

У. Примов