Редакцияот 28.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин XVI сессиясынын VI чакырылышы

 

2014-жылдын 28-марты № 2

“Суугат суу маселесин кароо жөнүндө”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он алтынчы сессиясы, суугат суу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл аймагындагы суу булактары, кара суулар СПА нын балансына өткөрүлүп берилсин.

2.Айыл аймагы аркылуу башка айылдарга агып чыккан суулар келишимдин негизинде берилсин.

3.Келишимде көрсөтүлгөн төлөмдөр өз убагында төлөнсүн, төлөнбөгөн убакта суу берилиши токтотулсун.

4.”БАКГАР” СПА сына юстиция башкармалыгынан катоодон өтүүсү сунушталсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д.Ордобаевге жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев