Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 2-октябры № 1
“Акча каражатын разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он тогузунчу сессиясы, жогорудагы акча каражатын разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы-башкы бухгалтер С.Токторалиеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2.2014-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ТЖК бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгым) статьясынан жалпысы 74,2 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
Анын ичинен АУП бөлүмүнүн 2211 статьясына ( иш сапар чыгым ) 43,0 миң сом; Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар орто мектебинин 2218 статьясына (тамак-аш чыгым) 26,2 миң сом ; үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын кезектеги ремонту үчүн 2221 статьясына 5,0 миң сом;
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |