Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 2-октябры № 2
“Миң-Булак айыл аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он тогузунчу сессиясы, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы “КР Салык Кодексин ишке киргизүү Мыйзамына ылайык Миң-Булак айыл аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылдын 1-январынан баштап айыл аймагында төмөнкү салыктар киргизилсин:
-мүлк салыгы;
-жер салыгы;
2.Бул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлөт.
3.Бул токтом юстиция Министрлигинен катталып Кыргыз Республикасынын нормативдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтом жарыя болгондон баштап күчүнө кирет.
5..Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |