Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин II сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 15-марты № 5
“КБФнын айдоо,чөп ормо жана ички жайыт жерлерин ижарага берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагындагы КБФнын жерлерин келишимге ылайык конкурстук, аукциондук негизде жана мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктерди эске алуу менен ижарага берүү жагы колго алынсын.
2. 1 га кайрак айдоо жердин таза ижара акысы 600 сом өлчөмүндө, 1 га чөп ормонун таза ижара акысы 380 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилсин.
3. Ички жайыттарды пайдалануу айыл өкмөттөгү калктын малынын санынын шарттуу башына мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда ижарага берилсин жана мал жандыктары алыскы жайытка 2013-жылдын 15-майынан калбастан көчүрүлсүн.
4. Томдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |