Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин III сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 19-июлу № 6
“2013-жылдын 6 айы ичиндеги айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегия планынын аткарылышы жөнүндө”
Алтын-Булак айыл өкмөт башчысынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегиясынын иш чараларын аткаруу боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегиясынын 2013-жылдын 6 айы ичиндеги иш чараларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы К.Бакеевдин маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында мониторинг жүргүзүп туруу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айыл өкмөттүн адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин “бюджет, финансы-экономика боюнча“ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |