Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин III сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 19-июлу № 7
“Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 6 айы ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы”
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 6 айы ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Э.Маматовдун билдирүүсүн угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Э.Маматовдун 2013-жылдын 6 айы ичиндеги бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү жактырылсын.
2. 2013-жылдын 6 айы ичинде жеткирилген 459,5 миң сом салык планы 481,7 миң сом. же 104,8% га аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2013-жылдын жергиликтүү бюджетин аткарууда ашыкча чыгымдарга жол бербөө жагы финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |