Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин IV сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 22-ноябры № 11
“Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча лимит кароо жөнүндө”
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин он айлыктын жыйынтыгы менен түшкөн киреше бөлүгүнө 10,0 сом ашыкча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, айыл чарба багытына кошумча лимит кароо боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин он айлыктын жыйынтыгы менен сатуудан түшкөн киреше бөлүгүнө 10,0 сом ашыкча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, айыл чарба багытына 22156900 статьясына кошумча лимит бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “Бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |