Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 11-августу № 389 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ "Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттукжогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүтууралуу" 2007-жылдын 30-июлундагы, "1 жана 2-Камбаратагидроэлектрстанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунунжана менчиктештирүүнүн үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-111токтомуна ылайык алдын ала эсептөөлөр менен Бишкек шаарынын ТЭЦинин,"Түндүк электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердиккоомдорун (мындан ары -ААК), 1 жана 2-Камбаратагидроэлектрстанцияларын менчиктештирүү формаларынын варианттарындаярдоо максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн: Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, топтун жетекчиси,Бакиров С.К - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы,топтун жетекчисинин орун баары,Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары,Жекшенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары,Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары,Авазов С.А. - Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКынын башкы директору (макулдашуу боюнча),Балкибеков С.Э. - "Электр тармактары" ААКынын башкы директору (макулдашуу боюнча),Васильев Л.А. - "Электр станциялары" ААКынын Бишкек шаарынын ТЭЦинин директору (макулдашуу боюнча),Осмонов Ш.К. - "Түндүк электр" ААКынын башкы директор (макулдашуу боюнча),Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика комплекси жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнүн башчысы. 2. Жумушчу тобу бир айлык мөөнөттө алдын ала эсептөөлөр мененБишкек шаарынын ТЭЦинин, "Түндүк электр" ААКын жана"Бишкекжылуулуктармагы" ААКын, 1 жана 2-Камбаратагидроэлектрстанцияларын менчиктештирүү формаларынын варианттарындаярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин. Зарыл учурлардаКыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорундаярдасын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр М.А.Исмаиловго тапшырылсын. Премьер-министр А. Атамбаев