Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 20-февралы № 15
“Айыл Кеңешинин кабыл алган токтомдорун юридикалык каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду атайын юридикалык каттоодон өткөрүү үчүн райондук же облустук газеталарга жарыялар берилсин.
2. Түзүлгөн келишимге ылайык ,айыл Кеңеш тарабынан кабыл алынган ар бир токтомду каттоодон өткөрүү, газетага жарыялоого, официалдуу тилге которуу жана укуктук актыларды электрондук вариантта даярдоого акча каражатын чечип берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Маматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кадыровго жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |