Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 20-февралы № 17
“Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга карата бюджети 155,0 миң сомго бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин. 2014-жылга жайыт акысын төлөөнүн өлчөмдөрү белгиленсин:
Ири мүйүздүү мал-бир баш үчүн Кой-эчкилер-бир баш үчүн Жылкылар-бир баш үчүн | -70сом -15 сом -80 сом |
Жайлоого чыккан малчылар үчүн төлөө акысы:
Субайларга Жылкыга Кой-эчкиге | -350-400 сом -450-500сом -70-80 сом |
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы С.Келдибаевге жана салык инспектору Б.Мамажановага тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |