Редакцияот 18.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын III чакырылышы

 

2014-жылдын 18-июлу № 19

“2014-жылдын 6 айы ичиндеги айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегия планынын аткарылышы жөнүндө”

Алтын-Булак айыл өкмөт башчысы К.Бакеевдин 2014-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн иш чараларын аткаруу боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 6 айы ичиндеги иш чараларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматы “ канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Айыл өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында мониторинг жүргүзүп туруу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Алтын-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Саипов