АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 18-июлу № 20
“2014-жылдын 6 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы жөнүндө”
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2014-жылдын 6 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2014-жылдын 6 айы ичиндеги салык планын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. 2014-жылдын 6 айы ичинде жеткирилген 278,7 миң сом салык планы 316,6 миң сомго же 102,8 % га аткарылгандыгы белгиленсин..
3. 2014-жылдын жыйынтыгы менен берилген салык планынын бардык түрлөрүн толук жана ашыра аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Алтын-Булак айыл кеңешинин “бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |