Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин III сессиясынын V чакырылышы
2013-жылдын 15-марты № 3-1
“Бел айыл Өкмөтүнүн 2012-жылда социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн милдеттери жөнүндө”
Бел айыл Өкмөтү 2012-жылда түзүлгөн иш пландарын аткаруу менен бир топ алгылыктуу иштерди жасоого жетишти. Жашап жаткан нак калктын саны 10264 кө жетип, эки жакта иштеп жашап жүргөн жарандардын саны 951 ди түзүп жалпы калктн саны 11215 ке жетти. Жыл ичинде 305 наристе төрөлүп, 107 жаран никеге турса, 56 жаран дүйнөдөн өткөн. Кара малдын саны 3325 ке, майда жандыктардын башы 8554 кө, жылкынын башы 420 га жеткен. Жыл ичинде жарандар тарабынан 27 үй курулуп бүткөрүлгөн. 2012-жылы жаштарды колдоо жылнда айылдык жаштарды колдоо үчүн Таш-булак участкасынан 2 адамга жер участкасы берилди. Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен 1 млн 300,0 миң сомдук Түрктөрдүн Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Күңгөй каналын ремонттоо иштери жүргүзүлсө, жеке ишкер Асамидин уулу Максат тарабынан 5,5 млн сомдук ресторан, 190,0 миң сомдук жыгач тилүүчү пилорамма, ишкер Мурзабаев тарабынан 250,0 сомдук элди тейлөөчү чайкана, Борбаш айылында Кулбаев тарабынан 165,0 сомдук пилорама 50,0 сомдук жүөрү тартуучу станок, Караев Абдивали тарабынан 46200 сомдук самса бышыруучу печка, ишкер Мамажанов Нурбек тарабынан 280,0 сомдук тамактануучу жай ишке киргизилен. Элдин суроо-талаптарын чечүү багытында Бел айылындагы 1 км 200 метр борбордук жол учур талабына ылайык асфальтталды 2 даана учур талабына ылайык аялдама курулду. Тротуарлар асфальтталып суу кетүүчү латоктор орнотулду. Демөөрчүлөр тарабынан Т.Султанов атындаы Ой-талаа көчөлөрүнө шагал төгүлсө, жеке ишкер Бекботоев тарабынан Анарбаев атындагы көчө асфальтталды. 1782 кожолукка социалдык паспрт толтурулуп анын негизинде 543 үй-бүлө мамлекеттик жөлөк пул алышат. Кургак учук оорусу менен ооруган атуулдардын даарылануусу үчүн жериликтүү бюджеттин эсебинен 60000 сом акча каражаты каралып 42000 сомдук жардам көрсөтүлгөн. Балдардын эмегегин тамекиден четтетүү долбоору менен тыгыз иш жүргүзүлүп 48 үй-бүлөгө 72000 миң сомдук кредит берилген. Актед уюму тарабынан 798 үй-бүлөгө 59870 к гун, 4718 литр май берилген. 2012-жылы 865 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери айдалып 1713,0 тонна түшүм жыйналган. Жыл ичинде 630 тонна эт, 2134 ц сүт, өндүрүлүп былтыркы жылга салыштырганда өсүү байкалган. 2012-жыл ичинде 5081 баш кой, 2903 баш эчки, 403 баш жылкы эмдөөдөн өткөрүлгөн. 3350 баш кара мал шал оорусуна карата эмделген. 236 дейди ит мышыктар атылып жок кылынган. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин толуктоодо иштеринде райондо биринчи жолу орунга жетишүүнү камсыз кылган. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн жакшыргандыгы калк арасында жугуштуу ооруулардын санын азайгандыгынан байкалууда. Ошол эле учурда сарык оорусу көбөйүп жаткандыгы маалым. Билим берүү тармагы боюнча Бел-Өрүк орто мектебинен 1 окуучу республикада 1 орунду, 2 окуучу 3 орунду. Ой-талаа орто мектебинен 1 окуучу 1 орунду камсыз кылган. 2012-жыл ичинде 2 кылмыш иши катталган. 1 уурулук, 1 денеге залал келлтирүү экөөнүн тең бети ачылган.
2013-жылга 2247 гектар жерге айыл чарба эгиндерин эгүү болжолдонууда. Бардык дан эгиндер 1062 га анын ичиен кылкандуу дан 890 гектар, күздүк буудай 465 гектар, жаздык буудай 405 гектар, АРПА 20 гектар, дандык жүгөрү 172 гектар, 105 гектар картошка, 34 гектар жашылча, 175 гектар май өсүмдүгү, 15 гектар тамеки.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында айыл Өкмөтү тарабынан бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылга айылды социалдык жана экономикалык жакан өнүктүрүүнүн негизги иш чараларын иштеп чыгып, калкка жеткирип, демөөрчүлөр аркылуу элдин эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө көңүлдүн борборун буруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Атакановага жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетин толуктоо боюнча кошумча булактарды издеп табуу, бекитилген бюджетти сарамжалдуу пайдалануу менен негизги статьяларга бөлүнгөн акча каражаттарын өз багытында пайдаланууну камсыз кылуу ФЭБ нүн башчысынын неизги милдети болуп эсептелсин.
4. Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, эгин талааларын көтөрүштүрүп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу. Өз мөөнөтүндө суугат суусу менен камсыз кылуу жагы айыл башчыларга, чарбалык субьектилердин жетекчилерине, жер адисине, мурабдарга тапшырылсын.
5. Мектеп окуучуларына татыктуу билим берүүнү камсыз кылуу багытында, калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу боюнча чыгармачылык менен иш жүргүзүү мектеп директорлоруна, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчыларына жүктөлсүн.
6. Мал чарбачылыгынын асылдуулугун арттыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, малды түрдүү ооруларга каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча тынымсыз иш алып баруу жагы вет кызматкер Сулаймановго милдеттендирилсин.
7. Калкты колдоого муктаж болгон катмарына тынымсыз көзөмөл жүргүзүп жөлөк пулдардын, мыйзамда белиленген жеңилдиктеринин өз убагында берилишине көңүлдүн борборун буруу айыл башчыларга, соц.адистерге тапшырылсын.
8. Айыл арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүдө коомдук уюмдар менен байланышы күчөтүү. Милициянын участкалык инспекторуна жүктөлсүн.
9. Аткарылган иштер боюнча мезгил-мезгили менен калк арасына маалымат берип туруу жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |