Редакцияот 24.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык Кеңешинин III сессиясынын V чакырылышы

 

2013-жылдын 24-августу № 6/2

“Бел айыл округунун аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыгын 2014-жылга колдонууга киргизүү жөнүндө”

Бел айылдык Округу, Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” 17.10.2008-жыл № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 5 беренесинин 5 бөлүгүнүн талаптарына ылайык 1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыктарын 2014-жылга колдонууга киргизүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл округунун амагындагы 1,2,3-топтогу жер жана мүлк салыктарын 2014-жылда колдонууга алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Бел айыл округунун бюджети боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бекботоев