Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин IX сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 17-январы № 9/1
“Айылдык кеңештин депутаттары Эсенбаев жана Каратаев жөнүндө”
Айылдык кеңештин депутаты Каратаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгын жана депутат Эсенбаевдин депутаттык полномочиесин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш шайлоо округунан айылдык кеңешке депутат болуп шайланган Каратаев М.А айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, депутат Эсенбаев Жеңишбектин өз арызынын негизинде депутаттык полномочиелери мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бошоп калган депутаттык орунга келүүчү кийинки талапкерди аныктап берүү референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча комиссиясынан суралсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |