Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин IX сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 17-январы № 9/2
“Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен ижарага берилген жерлеринин ижара акысын жогорулатуу жөнүндө”
Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таш-Булак, Тегирмен-Башы, жана Кыркол бөлүмдөрүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери ижарага берилип жарандар тарбынан иштетилип келүүдө. Бирок келишимдер мындан бир нече жылдар мурун түзүлгөндүктөн анда белгиленген ижара акылары аз өлчөмдө белгиленип калган. Ал баалар менен айыл Өкмөтүнүн аймагындагы муктаж болгон маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондуктан айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарага берилген жер аянттарынын ижара акылары төмөнкүдөй болуп белгиленсин.
Тегирмен башы, Таш-Булак участкаларында 1 га жеринин ижара акысы 1000(миң) сом, ал эми Кыркол участкасында 1 га жер аянтынын ижара акысы 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин. (соц салыгы жана жер салыгы ичинде)
2. Бардык ижарачылардын келишимдерин алып, жана белгиленген ижара акылардын негизинде башкадан түзүп чыгуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдазовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |