Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин X сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 7-февралы № 10/1
“Бел айыл аймагынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн милдеттери жөнүндө”
Бел айыл өкмөтү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга социалдык өнүгүү стратегиясын негиз катары кабыл алуу менен ал айыл аймагында тездетилген экономикалык өсүштү жана социалдык камсыздоочу программа болуп эсептелген. Айыл өкмөтүнүн Бел айыл аймагынын 2013-2017-жылдары өнүгүү стратегиясы боюнча кабыл алган программанын негизинде иш алып барып, бир топ алгылыктуу иштер аткарылган. 2014-жылдын 1-январына карата айыл аймагында жашап жаткан нак калктын саны 10455 убактылуу эки жакта иштеп жүргөндөрү 896 жараанды түзүп жалпы калктын саны 11351 адамга жеткен. Жыл ичинде 295 наристе төрөлүп 126 жараан никеге турса 53 жараан ааламдан өтүп, 46 жараан аталыкты аныктоо менен күбөлүк алган. Бул жерге баса белгилеп кетүүчү жагдай жардамдардын өздөрүнүн күндөлүк жашоо турмушунда керектелүүчү документтүүлүккө шалаакылык менен мамиле жасагандыгынан кабар берет. Жыл ичинде жараандар тарабынан 27 үй курулган. Райондо айылдардын инфраструктурасын которуу жылы деп жарыялаган 2013-жыл 22.02.№ 19-токтомду жетекчиликке алып, айыл аймагында бир топ иштер аткарылган. Бел айылында жеке ишкер Темирова Кимсан тарабынан 1 милион сомдук соода дүкөнү курулган. 3 адам жумуш менен камсыз болгон. Бел айылынын Жаш мектебине өтүүгө көпүрө салынып айыл өкмөтүнөн 70 миң сом жамаат тарабынан 130 миң сомдук акча каражаты жумшалган. Заитов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 80 миң сомдук акча каражаты бөлүнүп берилген. Ошондой эле Борбаш айылынын Ырысбаев Абдилла көчөсүнө, Ыйман көчөсүнө шагал төгүлүп 2 көпүрөө салынган. Айыл өкмөтү тарабынан 5 плита 10 миң сом акча каражатынан колдоо көрсөтүлгөн. Жеке ишкер Таштемиров Гулам 110 миң сом Ысаков Рустам тарабынан 130 миң сом, Шамасиров атындагы көчөгө шагал төшөлүп, Шамасировдордун үй-бүлөсүнөн 30 миң сом, Ботобеков Абдразак көчөсүнө 120 миң сомдук аткарылса жеке ишкер Мамытов Дүйшөбай тарабынан 115 миң сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Ошого карабастан жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо кемчилдиктер орун алган. Жаңы түптөлгөн көчөлөрдө электр мамычалары орнотулбаган. Электр зымдары тартылбаган, көптөгөн көчөлөргө таза суу жеткирилбеген, көчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүндө таштандылар ташталып, тазаланбаган. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги булагы салыктарды топтоонун негизги көрсөткүчү 117% ке аткарылганы менен айрым көрсөткүчтөрүбүздүн планы толбой калган. Айрыкча кайра бөлүштүрүү фонд ижара салыгына түшүүчү салык толук өндүрүлбөй калган же айыл өкмөтүнүн кызматкерлери толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү болуп саналат. Өнөр жайын өнүктүрүү боюнча жеткиликтүү иш жүргүзүлбөгөн. Жогоркулардын негизинде Бел айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 10 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылда айылдык социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, эгиндерди которушуп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу, өз мөөнөтүндө сугат суусу менен камсыздоо боюнча зарылчараларды көрүү, чарбалык субьектилердин жер адисинин айыл башчыларынын суу пайдалануучулардын бирикмесинин кызматкерлеринин негизги милдети болуп саналат.
3. Мал чарбачылыгынын асылдуулугун арттыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, жасалма уруктандыруу, малдын түрдүү ооруларына каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү А.Сулаймановго жүктөлсүн.
4. Калктын медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатуу менен калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, энелердин жана ымыркайлардын набыт болуусуна жол бербөө, аз кандуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү № 19,22 УБДБ нун жетекчилеринин негизги милдети болуп эсептелсин.
5. Калктын колдоого муктаж болгон катмарына тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жөлөк пулдарын өз мөөнөтүндө берилишин көңүл борборуна коюу айыл башчыларына, соц кызматкерге жүктөлсүн.
6. Айыл аймагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар ачуу, инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү приоритеттүү милдеттерден болуусу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
7. Айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу диний экстремизимге каршы күрөш жүргүзүү коомдук уюмдар менен бирге иш алып баруу милициянын участкалык инспекторуна жүктөлсүн.
8. Аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча маалымат берип туруу жагы айыл башчыларына, мектеп директорлоруна, УБДБ нын жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |