Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин X сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 7-февралы № 10/4
“Айыл округунун аймагындагы кожолуктарга салыктардын төлөмдөрүнөн жана таштандыларды ташып чыгуу салымынан жеңилдик берүү жөнүндө”
Айыл округунун аймагындагы кожолуктарга салык төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндөгү тизмелерди угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы 2161 кожолуктун 858 кожолугу жер салыгынан бошотулсун.
Пенсионерлер Көп балалуулар УАМ согуштун катышуучулары Авган, Чернобылда кызмат кылгандар Эмгек майыптары | - 600 - 165 - 1 - 30 - 62 |
2. Айыл аймагындагы 2161 кожолуктун 405 кожолугу таштандыларды ташып чыгаруу салыгынан бошотулсун (үйүндө жашабагандар).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө башкы салыкчы Абдилазиз у Акболушка тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |