Редакцияот 24.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык Кеңешинин XII сессиясынын V чакырылышы

 

2014-жылдын 24-майы № 12/3

“Бел айылындагы “Тимурлан-Алым” атындагы балдар бакчасынын жер аянттарын тактоо жөнүндө”

Бел айылындагы Тимурлан-Алым балдар бакчасынын иштегенине бир топ жыл болсо да бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик актысы жок.

Бала бакчасы үчүн берилген жалпы жер аянты 0,52 га болсо азыркы учурда аймагынан турак-жай салуу үчүн жерлер берилип кеткен. Коңшу жайланышкан үйлөрдүн жылып алган фактылары бар. Балдар бакчасынын жер аянтын тактоо максатында Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тимурлан-Алым” атындагы балдар бакчасынын жер аянтын тактап чыгуу максатында төмөнк ү курамдагы комиссия түзүлсүн.

1) Абдазов М.А-комиссия төрагасы, айыл Өкмөтүнүн жер адиси.

2) Акматов А.К-комиссиянын катчысы, башкы адис.

Мүчөлөрү:

3) Махмудов А-айылдык Кеңештин депутаты (макулдугу менен)

4) Маматалиев А.А-Бел айыл өкмөтүнүн адиси

5) Айдарова К.Т.-Тимурлан Алым балдар бакчасынын башчысы

2. Жер аянты такталып чыккандан кийин нак болгон жер аянтына мамлекеттик акт алып берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бекботоев