Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XIII сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 17-июну № 13/1
“Айыл аймагындагы Бел жана Борбаш айылындагы ат коюулбаган көчөлөргө ат коюу боюнча өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө”
Айыл аймагындагы Бел жана Борбаш айылдарындагы кээ бир жаңыдан түптөлгөн көчөлөргө ат коюу боюнча айылдарда өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору менен таанышып чыгып жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы Бел жана Борбаш айылдарында жаңыдан түптөлгөн көчөлөргө ат коюу боюнча айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору бекитилсин жана айылдардын картасында жаңыдан ат коюулган көчөлөргө өзгөчө белгилер киргизилсин.
2. Жаңыдан ат коюулган көчөлөргө атайын жасалган тактайчаларды жана номерлерди жасатып илүүнү аты көчөгө коюулган жолдоштордун туугандары менен биргеликте жүргүзүү айыл башчыларга жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |