Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XIII сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 17-июну № 13/2
“Бел айылына жаңы көрүстөн үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө”
Бел айылында маркумдар коюулуп жүргөн көрүстөн толуп калгандыгына байланыштуу башка жерден жер көрсөтүп берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылынын жашоочуларынын сунуштарын эске алып, жаңы көрүстөн үчүн ыңгайлуу жер болгон Бел айылынын жашоочулары Эркебаевдердин кайрак үлүштүк жерине тиешелүү болгон 4 га жер аянты берилсин.
2. Эркебаевдердин үлүштүк жерин башка жерге которуштуруп берүүнүн мыйзамдуу жолдорун издеп таап, үлүштүк жерлерин тез арада чечип берүү жагы Бел айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |