Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XV сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 9-октябры № 15/1
“2014-2015-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү, электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарптоого жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө”
Айыл аймагында социалдык объектилерге электр энергиясын пайдалануу боюнча жеткирилген лимитти так сактоо, ашыкча сарптоого жол бербөө жана эл арасында белгиленген график боюнча электр энергиясынын өчүрүрүлүшү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу. Бел айыл өкмөтүнүн 9 айда түшкөн кирешеден кошумча смета жасап төмөнкү бөлүмдөргө акча каражаты каралсын. Р 701 аппарат бөлүмүнө кошумча түшкөн кирешеден смета жасап, статья 2211 сапар чыгымына акча бөлүү жана Р 704 Күңгөй мааласына жаңы конуштарга электр мамычалары үчүн столба орнотууга акча каражат табуу ст.22154900 максатында депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы бардык социалдык объектилер 2014-2015-жылдын күз-кыш айларына карата өздөрүнө жеткирилген лимиттерди так сактоо, ашыкча сарптоого жол бербөө жагы социалдык объектилердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
2. Айыл аймагына электр знергиясынан пайдалануу боюнча бекитилген лимитти так сакталсын жана бекитилген лимиттен ашыкча иштетүүгө жол берилсе, айыл аймагында электр энергиясы кошумча өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
3. Өчүрүү жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9-оо дөн кечки 18–оо гө чейин, кыш мезгилинде саат 9-оо дөн 17-оо гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө айыл калкына жеткирилсин.
4. Мектептерди , балдар бакчаларын, саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде үзгүлтүкүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн, жеке ишкерлердин колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарын сатып алууну уюштуруу чараларын көрүшсүн.
5. Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пункттарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана туруктуу баада сатылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
6.Айыл аймагындагы электр чубалгыларына тийген бак-дарактардын бутактарын райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен кесүүнү уюштуруу айыл башчыларга тапшырылсын жана бул ишке айыл аймагындагы коомдук уюмдардын жетекчилери да тартылсын.
7. Сессиянын токтомдорун калк арасына жеткирүү айылдык Кенештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, таасирлүү адамдарга тапшырылсын.
8. Айыл өкмөттүн 9 айында киреше салыгына түшкөн подоход, жер салыктардын түрлөрүнөн кошумча смета түзүп, Р 701 статья 2211.35000 сом, Р 704 ст. 22154900 75000 сом, акча каражаты бөлүнүп, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жана акча табуу ФЭБ башчысы К.Мурзаевге жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |