Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Ой айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2014-жылдын 5-февралы № 4
“Таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан эс алуу жайлары, мекеме, иш-каналар өз алдынча эмгектенген ар бир кызматкерлерден таштандыларды чыгаруу үчүн, алынуучу төлөм 60 (алтымыш) сом эсебинде бекитилсин.
2. Кара-Ой айылынын ар бир короо жайынан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу төлөм 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Төлөмдөрдүн жергиликтүү бюджетке өз убагында эсептелип жана түшүү жагы эс алуу жайларынын, мекеме, иш-каналардын жетекчилерине жүктөлсүн, төлөө убактысы 2014-жылдын 1-апрели.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Орозалиевага тапшырылсын.
Кара-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.У. Усенбеков |