Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Ой айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2014-жылдын 16-августу № 10
“Кара-Ой айылдык Өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндө”
«Кара-Ой айыл Өкмөтүнүн административдик аймагында жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3чү группаларын киргизүү жана К3 зоналдык коефициентин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008 жылынын № 231 мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 3-пунктунун негизинде, Кара-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн жана сакталышынын максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылынын 1 январынан баштап, Кара-Ой айыл Өкмөтүнүн административдик аймагында төмөндөгүдөй жергиликтүү салык түрлөрү киргизилсин:
-айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин пайдалангандыгы үчүн, жер салык;
-короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-мүлк салыгы 1чи, 2чи, 3чү тобу.
2. К3 коефициенти: төмөндөгүдөй бекитилсин:
- айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына-1,2;
- короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн-1,0;
- 1,2,3 топтогу мүлк салыгы-1,2
3. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Аныкталаган токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, Облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы Иманалиев Данир Белековичке жүктөлсүн.
Кара-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.У. Усенбеков |