Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-сентябры № 416 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-не караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын реформа жүргүзүү бо-юнча маселелерин иликтөө жана банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча анынукуктарын бөлүштүрүү үчүн зарыл документтерди даярдоо максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн: Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, комис- сиянын төрагасы; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника- циялар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Алапаев М.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрага- сы, комиссиянын төрагасынын орун басары (макул- дашуу боюнча). Комиссия мүчөлөрү: Абдыбалы тегин - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрага- Суеркул сынын орун басары (макулдашуу боюнча); Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Огурцова В.М. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника- циялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Орозов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ку- рулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; Суюмбаева Ч.Ж. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника- циялар министринин орун басары; Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Айдралиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника- циялар министрлигинин маалыматташтыруу жана бай- ланыш башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы. 2. Ведомстволор аралык комиссия иштин жыйынтыгы боюнча бир айлыкмөөнөттүн ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленгентартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин. 3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте иш процес-синде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн адистерди жана көз карандысызэксперттерди ишке тартуу, ошондой эле иш үчүн зарыл маалыматтарды сурапалуу укугу берилсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев