Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 81
“Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетин бекитүү жана 2013-жылдын айыл өкмөтү боюнча бюджетинин аткарылышы жөнүндө”
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы Ж.Кокоеванын жана айыл аймагынын айыл Кенешинин «Бюджет финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Асаналиев С дын кошумча билдируусун угуп талкуулоо, ошондой эле 2014-жылга «Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жонундо» Мыйзамын жетекчиликке алып аткаруу максатында Оргочор айыл аймагынын айыл Кенешинин ХХVI чакырылыштагы ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы Ж.Кокоеванын 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жонундо отчету бекитилсин.
- 2014-жылга Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча болугу 11544.3 мин сом коломундо , ошондой эле 2013-жылда жергиликтуу бюджеттен калган 672 мин сому 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2014-жылга Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча болугу 11544.3 мин сом колому 2-тиркемеге ылайык пайыздык корсоткучто бекитилсин.
- Тузулгон сметанын негизинде 2014-жылга жергиликтуу бюджетти кабыл алууда биринчи кезекте корголгон беренелерге, коммуналдык чыгымдарга жанан башка ото зарыл болгон чыгашаларга кароо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жыл ичинде кирешелердин тушушуно жараша томонку чыгымдар бекитилсин:
- Сырттагы жайыттарга малчыларды кочурууго жардам катары жергиликтуу бюджеттин эсебинен 50,0 мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
- Оргочор айыл аймагындагы айылдардын генпланына 600,0 мин сом акча каражаты кошумча тушкон акча-каражаттарынын эсебинен чечилип берилсин.
- Келишимдин негизинде таза сууга кароолчу кармоого кароолчунун эмгек акысын бир жылга 36,0 мин сом жергиликтуу бюджеттин эсебинен берилсин.
- Айылдардын ичиндеги каналдарды, элди сугат суу менен сапаттуу жана оз убагында камсыздоо максатында, «Белсовхоз» СПАсына жардам корсотууго 150,0 мин сом болунуп берилсин.
- Айыл аймагынын айыл окмот башчысынын резервдик фонду 115,3 мин сом олчомундо бекитилсин.
- Боз-Бешик айылындагы маданият уйун толук ремонттон откоруу учун жергиликтуу бюджеттен 502,0 мин сом болунуп берилсин.
Айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин накталай жугуртулуучу акча каражаты 115,0 мин сом олчомундо бекитилсин
- Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында мектептерге көмөкчү чарбаларын жана башталышында алардын өнүгүп өсүшүнө жардам берүү жана санитария гигиена проектисин колдоо максатында жалпы окуучулардын, өзгөчө 1-4-класстагы тамакты оптималдаштырууну уюштурууга төмөндөгүдөй акча каражаты:
- тамактанууда тазалыкты сактоо, окуучудардын санитардык гигиеналык абалын жакшыртуу, өзгөчө жугуштуу оооруларды болтурбоо жана алдын алуу максатында М.Тынаев атындагы мектептин сунушун колдоого алып жана сметасынын негизинде 77583 сом бөлүнсүн
- көмөкчү чарбаны колдоо максатында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында мектепке бөлүнгөн тийиштүү үрөндөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүп жатканын, мектептин жетекчиси берген сунушту колдоого алып жана сметасынын негизинде 77175 сом бөлүнсүн.
- Оргочор, Боз-Бешик айылдарынан чыккан таштандыларга ирээтсиз төгүлүп жаткандыгына байланыштуу айылдын тегерегинде таштандыларды бөлүнгөн таштанды жайына ташып чыгып, дайыма ирээтке келтирип туру максатында айыл башчылардын сунушун колдоого алып төмөндөгүдөй каражаттар бөлүнүп берилсин.
- каз тамандуу бульдозер сатып алууга 150,0 миӊ сом
- ЗИЛ-ммз маркасындагы автомашинасын сатып алууга 275,0 миӊ сом бөлүнсүн жана алар өз максатында пайдалансын
- Ар кандай табигый кырсыкты алдын алуу максатында 50,0миӊ сом, туберкулез оорусун алдын алуу иш-чараларына 12,0 миӊ сом суммасында берилээри белгиленсин жана бекитилсин.
- Каржы министрлиги аркылуу проект жазуу менен дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен үлүш катары кошумча 721456 сом бөлүнсүн, калган бөлүгү Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 721456 сом өлчөмүндө райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып кучуно кирсин.
2. Тузулгон сметанын негизинде беренеден беренеге, кварталдан кварталга, болуктон болукко жылдыруу жагы жана тушурулгон кирешелердин олчому айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы Ж.Кокоевага тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше болугунун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы Ж.Кокоевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл Кенешинин бюджеттик комиссиясынын торагасы С.Асаналиевке тапшырылсын.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрайымы |
В. Атакозуева |