Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2014-жылдын 10-октябры № 102
“Айыл өкмөтүнүн ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Айылдык кенештин 26-чакырылыш 24-сессиясы күн тартибиндеги маселени карап калкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.А.Джүдеевдин макулдугу менен чечилген, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 286,0 мин сом айыл өкмөтүнүн имаратын ондоого бөлүнгөндүгү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын алмаштырууга жана ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 (жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджетти пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Супатаевге тапшырылсын.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрайымы |
В. Атакозуева |