Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2014-жылдын 10-октябры № 105
“Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Айылдык кеӊештин 26-чакырылыш 24-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Бешик айылдык почтасынын ички оӊдоо иштерин бүткөрүүгө 180000 (жүз сексен миӊ) сом, Боз-Бешик айылдык коомдук уюмдардын (ардагерлер кеӊеши, аксакалдар соту, жаштар кеӊеши, аялдар кеӊеши) иш бөлмөсүнө эмерек алууга 100 000 (жүз миӊ) сом, бардыгы 280 (эки жүз сексен миӊ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен которуу жолу менен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджетти пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Супатаевге тапшырылсын.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрайымы |
В. Атакозуева |