Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 17-2
“Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасынын
үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу”
Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасынын кошумча ачылган үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу Куу-майдан айылынын жашоочуларынын суроо-талапттарын канаттандыруу максатында Кенеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын жашоочуларынын суроо-талапттары канааттандырылсын.
2. Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|