Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 17-3
“Кеңеш айыл аймагында жашаган калкты таза суу
менен камсыздоодо айыл өкмөтү тарабынан каржылоосу тууралуу”
Кеңеш айыл аймагы беш айылдан турат, анда 13455 калк жашайт. Калктын көпчүлүгү таза суу менен камсыздалбаган, көпчүлүгү дарыядан, булактардан, жер алдынан чыккан кудук сууларынын ичип, тирилик кылышат. Айыл өкмөтү таза суу боюнча долбоорлорго катышуу менен айыл өкмөтү тарабынан каржылоочу чыгымдарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү жете тургандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорго айыл өкмөтүнүн каржылоо салымы жетерлик экендиги белгиленсин.
2. Калкты таза суу менен камсыздоону ишке ашыруу боюнча мүмкүн болушунча иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ишке ашкан ар кандай долбоорлор үчүн тиешелүү акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|