Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-ноябры №463 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Ош-Сарыташ-Иркештам транспорттук коридорунун стратегиялык маанисинэске алуу менен, Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанавтожолунун участогун реабилитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестициялыкмакулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу жана "Иштамберди" алтын кенин өз-дөштүрүү максатында 1. Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун участогун реабилитациялоо жана"Иштамберди" алтын кенин иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчы-лыктарына жана мыйзамдарына жооп берүүчү Инвестициялык макулдашуунундолбоорун иштеп чыгуу боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор ара-лык эксперттик топ түзүлсүн. 2. Ведомстволор аралык эксперттик топ бир айлык мөөнөттө жогорудааталган Инвестициялык макулдашуунун долбоорун Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө белгиленген тартипте берсин. 3. Ведомстволор аралык эксперттик топко иш процессинде келип чы-гуучу маселелерди чечүү үчүн зарыл учурларда аткаруу бийлик органдары-нын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте иш-ке тартууга укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 8-ноябрындагы № 463 буйругуна тиркеме Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун участогун реабилитациялоо жана "Иштамберди" алтын кенин иштетүү боюнча Инвестициялык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун КУРАМЫ Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин милде- тин аткаруучу, ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы. Ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрү: Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника- циялар министринин милдетин аткаруучу; Зубков В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геоло- гия жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Дусумбаев Н.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн туризм жана ишкердик секторунун эксперти; Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стра- тегиясы башкармалыгынын начальниги; Омокеев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги- нин эл аралык-укуктук департаментинин кењешчиси; Козибаев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист- рлигинин Мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департа- ментинин Түштүк башкармалыгынын бөлүм начальни- ги; Рыспаев Д.Д. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин машина куруу, кен казып алуу жана металлургиялык өнөр жай бөлүмүнүн башкы адиси; Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геоло- гия жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциянын начальниги; Жолдошев Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комите- тинин бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инс- пектору. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев