Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 13
Ийри-Суу айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Ийри-Суу айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ийри-Суу айыл өкмөтү “ Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш- чараларды жүргүзүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеевке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана ( же ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | С. Курманбеков |