Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2009-жылдын 7-сентябрындагы № 270 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 11-октябры № 431
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамынын 13-статьясына жана 2005-жылдын 14-ноябрындагы
№ 543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоо-
чу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы-
на ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук ап-
паратынын тиркелген структурасы жана штаттык саны бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 2-декаб-
рындагы № 590 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр А.Атамбаев