Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 30-апрели № 6/1
“Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдалануу боюнча мал башына акы төлөмүн аныктоо жөнүндө"
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдалануу боюнча мал башына акы төлөмүн аныктоо жөнүндө Катран айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К. Туратовдун билдирүүсүн угуп талкуулап Катран айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган, айыл Өкмөтүнүн чарба китебинде катталган атуулдар малдарын багууда жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр тиркемеде көрсөтүлгөн өлчөмдө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин. (бюджеттин долбоору тиркелет).
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кызматкерлерине жайытттарды пайдаланууда жобого ылайык иш жүргүзүү жагы милдетендирилсин.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |