Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 15-июлу № 7/7
“Баул айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Баул айылында балдар бакчасын ачуу боюнча Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Баул айылында балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Балдар бакчасын ачууга ыңгайлуу имарат менен камсыздоо,имараттын тийиштүү иштерин жургузуу Катран айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын чечип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катран айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Салимбековго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |