Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2013-жылдын 15-декабры № 9/2
“Катран айыл Өкмөтүнүн пландан ашыкча түшкөн салыктарды жана салык эмес жыйымдарды пайдаланууга, кошумча смета кабыл алуу жөнүндө”
Каран айыл Өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетине пландан ашыкча түшкөн салыктарды жана салык эмес жыйымдарды сарамжалдуу жана максатуу пайдалануу учун кошумча смета кабыл алуу максатында Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн кошумча салык жана салык эмес жыйымдардан түшкөн 821822 (сегиз жуз жыйырма бирмин сегиз жуз жыйырма эки) сом акча каражатынын киреше жана чыгашасын 2013-жылдын бюджетинин 4-кварталынын планына киргизуу жагы КРнын каржы министрлигинен суралсын.
2. Кошумча смета № 1 тиркемеге ылайык бекитилип, айыл Өкмөтүнүн керектоосуно сметанын чегинде максаттуу чыгымдоо жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Э. Айтбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын торагасы Ж. Шооруковго жүктөлсүн.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |