Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 18-февралы № 11/3
“Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын жана мекеме уюмдардын кайрылуулары жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын жана мекеме уюмдардын кайрылууларын чечүү максатында Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтунун аймагындагы малдарды эмдөө үчүн вет инспектор сунуш кылган баалар бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Катран айылдык базарынын базаркому А. Шералиевдин кайрылуусун мазмууну толук болбогондугуна байланыштуу;
- Кайрылуу ээсине кайтарылып берилсин.
- Керектүү акча каражатынын жана материалдык сметасын түзүп, Кеңештин кароосуна кайрадан кайрылуусу А. Шералиевке тапшырылсын.
3. № 5 Гимназия мектебинин завхозу Абдраимовдун кайрылуусу Катран айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте кароо үчүн Кеңештин кийинки сессияларына калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |