Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 18-февралы № 11/4
“Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдалануу боюнча мал башына акы төлөмүн аныктоо жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдалануу боюнча мал башына акы төлөмүн аныктоо жөнүндө Катран айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Амировдун билдируусун угуп талкуулап Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган, айыл Өкмөтүнүн чарба китебине катталган атуулдардын кароосундагы малдарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жылкыдан башкасы 2013-жыл үчүн аныкталган өлчөмдө калтырылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Жылкыга төлөнүүчү жайыт акысы 300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сырттан келген (башка жактан) малдар үчүн:
- Ири мүйүздүү малдар үчүн 200 сом өлчөмүндө.
- Кой жана эчки үчүн 100 сом өлчөмүндө.
4. Сырттан келген малдарды аныктоо үчүн жайыт бирикмесине айыл башчылар К. Туратов. А. Мусаев. М. Ысаков жана А. Жороевдер көмөк көрсөтүшсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жана жайыт комитетинин төрагасы У. Амировго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |