Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 18-февралы № 11/5
“Катран айылына ден-соолукту чыңдоо борборун ачуу жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жаштардын ден-соолугун чындоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу үчүн Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Козу-Баглан орто мектебин жылытуу үчүн от казандар турган эски имарат Катран айыл Өкмөтүндөгү бардык жаштар үчүн ден-соолукту чыңдоочу борбор уюштурууга перепрофилдештирилсин.
2. Имаратты ден-соолукту чындоо борбору кылып уюштурууга жана айыл Өкмөтүнүн бардык айылдарынын жаштары пайдаланышы үчүн айыл Өкмөтүнө мектеп директциясы макулдук кат берүүсү мектеп дирекциясына тапшырылсын.
3. Имаратты оңдоо үчүн акча каражаты айыл Өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине киргизилсин.
4. Ден-соолукту чындоо борборунун келечектеги иштөөсү жана уюштуруу иштери айыл Өкмөтүнө жана айыл Өкмөтүнүн спорт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айыл Өкмөтүнүн башчысына жана Катран айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |