Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 14-апрели № 13/1
“Катран айылдык Кенешинин депутаты Алимов Ысмайылжан Абытжановичтин ыйгарым укуктутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколуна ылайык, кийинки көп добуш алган талапкер Жолдошов Убайдилла жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү 52-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмчөсүнө ылайык депутат Ы. Алимовдун башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу жана ушул эле мыйзамдын 52-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн негизинде 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго ылайык, кийинки көп добуш алган талапкерди аныктоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айылдык Кеңешинин депутаты Ы. Алимов башка жумушка өткөндүгүгнө байланыштуу анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы депутаттарга тааныштырылсын.
2. Катран айылдык Кеңешинин депутаты Ы. Алимовдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Депутат Ы. Алимовдун мандаттык куболугу жараксыз экендиги бекитип берүү жагы аймактык жана борбордук шайлоо комиссияларынан суралсын.
4. Бош калган депутаттык мандат 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдун негизинде кийнки шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Убайдилла Жолдошовго депутаттык ыйгарым укуктар ыйгарылсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан жана Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |