Редакцияот 20.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы

 

2014-жылдын 20-июлу № 15.1

“Катран, Өзгөрүш айылдарынын ички көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө”

Катран айыл Өкмөтүнүн Катран айылынын жашоочуларынын 15-июль 2014-жылдагы протоколун, Өзгөрүш айылынын жашоочуларынын 2014-жыл 04-июлдагы чогулушунун протоколун жана Катран айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Катран айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катран айыл Аймагынын Катран, Өзгөрүш айылдарынын ички көчөлөрүнө ат берилсин. (тизме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу С. Баповго, Катран айыл башчысы М. Ысаковго, Өзгөрүш айылынын айыл башчысы А. Жороевге жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Б.Нурматовдорго тапшырылсын.

 

Катран айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Акматов