КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 20-июлу № 15/2
“Катран айыл аймагынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын иш Регламентин бекитүү тууралуу”
Катран айыл аймагынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын ишин жөнгө салуу жана социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү максатында Катран айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл аймагынын территориясында социалдык програмалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын тиркелген иш регламенти бекитилсин (тиркелди).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы А. Исаевге жүктөлсүн.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |