Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 5-августу № 16/5
“Катран айыл Өкмөтүнүн айма-гында жашоочулардын бир үйдө 2 же андан көп үй бүлөдө жашаган атуулдарга кезексиз тамарка берүү жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн башчысына кезексиз тамарка алуу боюнча 2014-жылдын 05-августундагы № 92 чыгыш катындагы 13 (он үч) атуулдун жана Өзгөрүш айылынын тургуну Ж. Ырысовдун арызын карап депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Катран айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн жер адиси А. Кадыров тарабынан депутаттарга сунушталган 464 (төрт жүз алтымыш төрт) атуулдун тамарка алуу кезеги (тизмеси) бекитилсин.
2. Жеке жер участогун алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жер кодексинин II бөлүм 33 статья 2 берене-сине негиз кезекте турган атуулдарга кезеги келгенге чейин жер участогу берилбесин.
3. Өзгөрүш айылынын тургуну Ырысов Жолдоштун үйү жана тамаркасы селдин кесепетинен жараксыз болгондугуна байланыштуу 0.08 га жер участогу берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Иметовго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |